• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. 2019-жылдын 15-февралынан 17-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Алсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 165-179-чакырымдарында (Талдык, Катынарт ашуусу), 218-224-чакырымдарында (Тоң-Мурун ашуусу) кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Андан тышкары, Сары-Таш-Кара-Мык унаа жолунун 98-123-135-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий