• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелери сактабаган жактарга бир суткада 1 млн сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Бишкекте көрктөндүрүү эрежелери сактабаган жактарга бир суткада 1 млн сомдон ашуун айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 17-июлда инспекторлор тарабынан 1 млн 88 миң сомдук айыптар өндүрүлгөн 81 протокол түзүлдү.

Протоколдор КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин төмөнкү беренелери боюнча түзүлгөн:
- 114- беренесине ылайык чектеш аймактагы антисанитардык шарттар;
- 115- берененин 1-бөлүгүнө ылайык уруксат берилбеген жерлерге тиричилик таштандыларын ыргытуу;
- 179- берененин 2-бөлүгүнө ылайык жашыл аянттарга зыян келтирүү;
- 177-берененин 1-бөлүгү боюнча жол конструкциясын бузуу.

Октябрь районунда 301 миң сомго 21, Ленин районунда 275 миң 500 сомго 18 протокол, Биринчи май районунда 263 миң 500 сомго 24, Свердлов районунда 248 миң сомго 17 мыйзам бузуулар аныкталган.

Эскерте кетсек, борбор калаадагы тартипти муниципалдык инспекция көзөмөлдөйт. Таштанды таштоочу жайларга видеокамералар орнотулду. Тартип бузгандар административдик жазага тартылышат.

Пикир

Оставить комментарий