• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкекте кайрымдуулук веложүрүшү өттү

Коом 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Бишкекте “Жакшылык үчүн спорт” кайрымдуулук веложүрүшү өттү. Бул тууралуу КРнын Кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Веложүрүшкө жалпысынан 200дөн ашуун адам катышып, баардык чогултулган каражаттар Токмок шаарындагы балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык борборго берилет.

Катышуучулар Түштүк дарбазадагы парктан башталып, Эски аянтта аяктаган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылышкан. Жүрүштүн жалпы узундугу 6 чакырымды түзгөн.

Веложүрүштүн маарасында лотерея ойнотулуп, баардык катышуучуларга медалдар таратылган.

Бул иш-чара коомчулуктун көңүлүн балдар үйүн бүтүргөн жаш мекендештерге жаңы жашоого киришүүдө колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлгөн.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда жыл сайын балдар үйүнөн 15-17 жаштагы 400-500гө жакын балда-кыздар аяктап, жаңы жашоого кадам таштайт. 2019-жылы Кызыл жарым ай коомунун Токмок шаарындагы кеңсесинин базасында атайын балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн социалдык борбордун курулушу башталган. Ал борбор балдарга убактылуу жашоочу жай болуп, ал эми ал борбордун кызматкерлери балдарга өз алдынча жашоого кадам таштоого жана алдыдагы кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүүгө аракет жасашат.

Ошол борбордун ийгиликтүү ишке кириши үчүн дагы кошумча 150 миң сом чогултуу керек. Чогултулган каражаттар борборго керектүү жабдыктарды, эмерек жана техникаларды алууга сарпталат.

Пикир

Оставить комментарий