Бишкекте мыйзамсыз курулуш алынып, муниципалдык жер мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулуш алынып, муниципалдык жер мамлекетке кайтарылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Садырбаев көчөсү, 308 дарегинде жайгашкан муниципалдык аймакты бошотуу иштерин жүргүзүлдү.

Ленин райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча бул жерге габариттери 9,25 метр жана 5,2 метр, бийиктиги 3 метрди түзгөн капиталдык курулуш уруксатсыз тургузулган.

Ошондой эле аймак узундугу 6 метрден ашык пескоблок тосмо менен тосулган.

Жыйынтыгында бул объект демонтаждалып, 48 чарчы метр муниципалдык жер мамлекеттик колдонууга кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий