• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте кийинки жылы 7 негизги көчө оңдолуп, 3 жаңы жолдун курулушу башталат

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 2025-жылга 7 негизги көчөнү оңдоо пландалып, 3 жаңы жолдун курулушу башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.

-Жалпы узундугу 15,3 чакырымды түзгөн 7 көчөнү реабилитациялоо пландалууда:

- Шабдан Баатыр (Чүй) көчөсү Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (1,7 км);

- Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин (3,2 км);

- Жибек Жолу проспектиси Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин (1,8 км);

- Жаш Гвардия бульвары Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (1,9 км);

- Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин (3,2 км);

- Москва көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин (1 км);

- Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин (2,5 км).

Пикир

Оставить комментарий