• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте муфтияттын жаңы имараты курула баштады

Коом 0

Бишкек, 31.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Имарат Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн “Исмаил Ата” фонду тарабынан каржыланууда.

“Кабар” агенттигине муфтияттан билдиришкендей, имарат Имам Сарахси атындагы борбордук мечиттин жанында курулуп жатат.

Муфтияттан белгилешкендей, КМДБ жардам сурап көптөгөн фонддорго кайрылган, курулушту каржылоого "Исмаил Ата" фонду макулдугун берген.

Фонддун маалыматына ылайык, жаңы имаратта муфтийдин, Аалым кеңешинин иш бөлмөлөрү, жыйындар залы, окуу залдары, китепкана жайгашат.

Пикир

Оставить комментарий