• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Бишкекте 2024-жылдын 15-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Тиешелүү токтомдун долбоору бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда каралып, колдоо тапты.

Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.

Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт.

Жаңы тарифтер токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий