• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Композиторлор арасында өткөн сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Композиторлор арасында өткөн сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи күн мурун Бишкектеги Улуттук тарых музейинде өтүп, маданият министри Алтынбек Максутов сыйлык ээлерин куттуктады.

Сынак үч бөлүктө өткөрүлгөн:

  • “Балдар үчүн мыкты аспаптык чыгармалар”;
  • “Оркестр үчүн чыгармалар”;
  • “Мыкты обондор".

Жалпысынан "Мыкты обондор" сынагына 80ден ашык, "Оркестр үчүн чыгармаларга" 32, "Балдар үчүн аспаптык чыгармаларга" 30дан ауун чыгарма келип түшкөн. Калыстар тобунун чечими менен алардын арасынан мыктылары тандалып алынган.

Байгелүү орундардын басымдуу бөлүгүнө жаштар ээ болгон. Жеңүүчү болгон жаштардын арасында 2-3 номинациядан жеңип алгандары да бар.

Эске салсак, былтыр жыл башында маданият тармагын өнүктүрүү максатында мамлекеттен 673 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Сыйлыкка ээ болгон жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
⇒ “Оркестрлер үчүн чыгармаларын сатып алуу” кароо-сынагынын жыйынтыгы:
Баш байге – Мусаев Баласагын 300 миң сом;
1-орун – Жеенбаев Мурзали 200 миң сом;
1-орун - Дооранов Таалайбек 200 миң сом;
2-орун – Бейшеев Таалай 150 миң сом;
2-орун – Жумакунов Рысбек 150 миң сом;
3-орун – Жунушов Марат 100 миң сом;
3-орун – Курманова Наргиза 100 миң сом;
3-орун – Бейшеналиева Райхан 100 миң сом.

Кызыктыруучу сыйлыктардын жеңүүчүлөрүнө 50 миң сомдон берилди.
1. Молдояров Нуржигит
2. Виноградова Галина
3. Меерканов Эркинбек
4. Осмонов Кубанычбек
5. Гуляев Артем
6. Календаров Камбар
7. Калдаров Бектурсун
8. Абдуллаев Адылжан
9. Саламатов Тимур.

⇒“Балдар үчүн аспаптык мыкты чыгармалар” кароо-сынагынын үйлөмө аспаптар үчүн мыкты чыгармалар бөлүгүнүн жыйынтыгы:
Баш байге – Бейшеев Таалай 200 миң сом;
Биринчи орун – Курманова Наргиза. 150 миң сом;
Экинчи орун – Мусаев Баласагын, Меерканов Эркинбек 100 миң сомдон:
Үчүнчү орун – Саламатов Тимур, Жеенбаев Мурзали, Дооранов Таалайбек 50 миң сомдон;

Кызыктыруучу сыйлыктар – Акимжан Жээнбай, Ишенбек Муктар, Калдаров Бектурсун, Бейшеналиева Райхан, Молдояров Нуржигит 25 миң сомдон.

⇒“Балдар үчүн аспаптык мыкты чыгармалар” кароо-сынагынын кыл аспаптар үчүн мыкты чыгармалар бөлүгүнүн жыйынтыгы:
Баш байге – Курманова Наргиза 200 миң сом;
Биринчи орун – Жеенбаев Мурзали 150 миң сом;
Экинчи орун – Чокиев Турдубек, Кемелгазиева Шарипа 100 миң сомдон:
Үчүнчү орун – Бейшеналиева Райхан, Калдаров Бектурсун, Алибаева Айжамал 50 миң сомдон;

Кызыктыруучу сыйлыктар – Молдояров Нуржигит 25 миң сом.

⇒“Балдар үчүн аспаптык мыкты чыгармалар” кароо-сынагынын Фортепиано үчүн мыкты чыгармалар бөлүгүнүн жыйынтыгы:
Баш байге – Мусаев Б 200 миң сом;
Биринчи орун – Дооранов Т. 150 миң сом;
Экинчи орун – Жунушов М., Турдубеков Ч. 100 миң сомдон:
Үчүнчү орун – Чокиев Т., Ишенбек Муктар, Аширбаева-Тагаева М. 50 миң сомдон;
Кызыктыруучу сыйлыктар – А. Жээнбай, Бейшеналиева Р.,
Биримкулов Д., Молдояров Н. 25 миң сомдон.

⇒Композиторлор жана обончулар арасындагы “Жаңы обондуу ырлардын” республикалык ачык кароо-сынагынын жыйынтыгы:
Биринчи номинация. Атуулдук ырлар
Баш байге - Гран-при 300 миң сом:
Календаров Камбар “Жашасын кыргыз кайрыгы”
1-орун 250 миң сом:
Курманова Наргиза “Тайторуну сүрөйлү”
2-орун ар бир катышуучуга 200 миң сом:
1. Букалаев Камчыбек “Улуу жеңиш”
2. Бедияров Арзыбек “Ата Журтума”
3-орун ар бир катышуучуга 100 миң сом:
1. Молдогазиев Турганбай “Кыргыз тилим-эне тилим”
2. Артыков Кадыралы “Кыргыз жерим”
3. Саламатов Тимур “Комуз менен Домбура”

Кызыктыруучу сыйлыктар ар бир катышуучуга 50 миң сом:
1.Өмүрбеков Чубак. “Кыргызстаным”
2.Турсункулов Камчыбек “Айтылуу Кыргыз Жер, Мекен”
3.Турдубеков Чыңгыз “Кыргыз жери”
4.Осмонов Кубаныч “Борбор шаарым-бишкегим”
5.Калдаров Бектурсун “Тоолор энем”
6.Ишенбек уулу Эмилбек “Ала-Тоонун уулумун”
Экинчи номинация. Лирикалык ырлар
Баш байге - Гран-при 300 миң сом:
Молдояров Нуржигит. “Музыка экөөбүздү жолуктурсун”
1-орун 250 миң сом:
Усупбаев Кыдыкбек. “Ырдабачы”
2-орун ар бир катышуучуга 200 миң сом:
1. Колдошов Түмөнбай “Көздөрүң менен коштошуу”
2. Мааданбеков Эсенбек “Ай нурум”
3-орун ар бир катышуучуга 100 миң сом:
1. Исраилов Жолдошбек. “Ал кезекте бардыгы башкача эле”
2. Алишеров Бакыт “Көл жээгинде”.
3. Бодошов Атайбек “Издериңди жашыра”
Кызыктыруучу сыйлыктар ар бир катышуучуга 50 миң сом:
1. Артыков Базаркул “Татынасың”
2. Чынкышева Жаңыл “Бакыт гүлү”.
3. Жусупова Айгерим “Арзуу”
4. Жусупов Камчыбек “Өзүңсүз өмүр жок маган”
5. Жанарбек уулу Жетиген “Кайрадан жолук мага”
Үчүнчү номинация. Балдар ырлары
Баш байге - Гран-при 300 миң сом:
Эсенгулова Гүлмира “Күндү көздөй баратам”
1-орун 250 миң сом:
Жумаканова Жазгүл “Апакем”
2-орун ар бир катышуучуга 200 миң сом:
1. Абдуллаев Адылжан “Жаа жамгырым”.
2. Урмамбетов Догдурбай “Тай күлүк”.
3-орун ар бир катышуучуга 100 миң сом:
1. Абдыкадыров Качкын “Бала мышык”
2. Эралиева Каныкей “Атам,апам жана мен”
3. Жамболотов(Жамбутов) Бактыбек “Балаты”
Кызыктыруучу сыйлыктар ар бир катышуучуга 50 миң сом:
1. Мусаев Баласагын. “Кыялкеч”.
2. Жолдошев Орозбай. “Энекем”
3. Бакеев Аскарбек. “Кичинекей ак улак”

Пикир

Оставить комментарий