Бишкекте коомдук транспорттун ишин жакшыртуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын”, “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” жана жеке ташуучу компаниялардын жоопту кызматкерлери жана бригадирлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорттогу GPS трекерлердин иштешин көзөмөлгө алуу, трекерди өз алдынча өчүргөн айдоочуларды аныктап чара колдонуу, тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Эскерте кетсек, буга чейин кээ бир айдоочулар GPS трекерлерди өз алдынча өчурүп салгандыктан “Менин шаарым” тиркемесинен коомдук транспорттун жүрүү кыймылын көрүүдө ыңгайсыздыктар жаралып жатканы боюнча кайрылуулар келип түшкөн.

Жыйындын жыйынтыгында жогоруда айтылган маселелерди тез арада чечип, жүргүнчүлөрдү тейлөө тартибин жана коомдук транспорттун айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин так сактоосуна көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий