• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2019-жылы 12 эски бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылган

Коом 0


Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. 2019-жылы мурда бала бакча болуп келген 12 имарат мамлекеттин эсебине кайтарылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдирди.

Ал белгилегендей, убагында бала бакчалардын имараттары жеке колго жана мамлекеттик органдарга берилип кеткен.

"Биз аларды кайтаруу боюнча иш алып барып жатабыз. Бир нече имарат "Кыргызтелекомдун" карамагында турат. Аларды бала бакчаларга бошотуп бериши үчүн аларга башка имарат издеп жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий