• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ӨКМ тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучуна байланыштуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 11.03.24./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына таянсак, 11нен 13-мартаа чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Кар көчкү түшүү коркунучу жогору аймактар:
Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чак. (Долон ашуусу);

Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу️ унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;

Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында;

Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдары.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий