• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкекте коррупцияга каршы күрөш күнүнө карата илимий-практикалык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Башкы прокуратура Бишкекте коррупцияга каршы күрөш күнүнө карата илимий-практикалык конференция өткөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

“Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруунун механизмдери жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык милдеттенмелерди аткаруу” темасындагы иш-чарага сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын, жогорку окуу жайлардын жана мамлекеттик органдардын, ошондой эле эл аралык уюмдардын, жарандык коом институттарынын жана бизнестин өкүлдөрү катышты.

Конференция коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана коррупцияга каршы күрөшүү саясатын ишке ашырууга жана эл аралык милдеттенмелерди аткарууну камсыздоого багытталган сунуштарды жана демилгелерди иштеп чыгуу максатында уюштурулду.

Анда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу Тилек Калиев “Кыргызстандагы коррупцияга каршы саясат жана коррупцияга каршы ыкмалар” темасында, ал эми Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кылмыш-жаза укугу жана криминология кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору Назгүл Сулайманова “Мыйзамсыз баюу: Кылмыш-жаза кодексинде мыйзам чыгарууну регламенттештирүү маселелери” темасында баяндама жасады.

Кошумчалай кетсек, министрлик ушул тапта 2025-2030-жылдарга белгиленген коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу максатында иш жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий