Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бишкекте өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында кросс боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 13-апрелде Карагач сейил багында старт алат. Ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар 1000, 2000, 3000, 4000, 6000, 8000 жана 9000 метр аралыкка чуркашат.
Пикир
Оставить комментарий