• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте кудуктардын капкагын уурдоого шектелип 50 жаштагы жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Бишкекте кудуктардын капкагын уурдоого шектелип 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 26-январда болжол менен саат 00:37лер чамасында “102” кызматына Профсоюз жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран суу түтүктөрү өткөн кудуктун капкагын уурдап жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келген учурда белгисиз жаран кудуктун капкагын алып бара жаткандыгы аныкталган.

Милиция кызматкерлери шектүү катары 50 жаштагы М.К. аттуу жаранды кармап, Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий