• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Чаткалда милиция кызматкерлери жана ӨКМдин өкүлдөрү окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана ӨКМ өкүлдөрү тарабынан А. Айымбетов, Ж. Ташкеев жана Матиш орто мектептеринде өрт коопсуздугу боюнча маалыматтар берилди.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда өрт кырсыгы катталган учурда көрүлүүчү чаралар түшүндүрүлдү. Негизинен түрдүү кырсыктардын алдын алуу зарыл экендиги эскертилди.

"Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан алыс болууга чакырышты. Татыктуу билим жана тарбия алып, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле мекенди жана спортту сүйүүгө үндөштү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий