• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда милициянын капитаны баңгизат сатуу каналын уюштурган. Шектүүлөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда баңгизатын мыйзамсыз алып жүргөн милиция кызматкери кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБнин Бек-Абад айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери, милициянын капитаны К. у К. тарабынан уюштурулган баңгизаттарды сатуунун туруктуу каналдарынын бирине бөгөт коюлду.

Такталгандай, аталган кызматкер көптөн бери Жалал-Абад облусунун аймагында ири өлчөмдөгү баңгизатын ташуу жана сатуу менен активдүү алектенип келгендиги аныкталган.

2023-жылдын 14-декабрында мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын коопсуздук кызматынын бөлүмү менен биргеликте, "Афган Чарс" баңгизатынын кезектеги партиясын сатуу учурунда жогоруда аталган милиция кызматкери пара менен кармалды. Мындан сырткары баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан И.И., У.Ш.М. аттуу эки жаран кармалган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 562 граммды түзгөн.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий