Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүн утурлай Кыргызстанда кургак учукту аныктоонун жана дарылоонун, оорудан жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүүнүн актуалдуу маселелери боюнча иш-чара өттү.
Иш-чара Кыргызстанда жыл сайын март айы бою салттуу түрдө өткөрүлүүчү кургак учукка каршы бир айлыктын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору тарабынан USAIDдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Быйыл аталган иш-чарада төмөнкү темалар чагылдырылды:
- Кургак учукту кантип аныктоого болот?
- Кургак учукту кантип дарылоо керек?
- Балдардагы кургак учуктун кандай өзгөчөлүктөрү бар?
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом уюмдары, жааматтар кургак учук менен ооруган адамдарга кандай жардам көрсөтүшөт?
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, жарандык коом уюмдар жана жааматтар тарабынан кургак учук менен ооруган адамдарга кандай жардам көрсөтүлүүдө?
- Кургак учук жөнүндө айта берүү эмне үчүн маанилүү?
- Кыргызстандагы кургак учукка каршы кызмат көрсөтүүдөгү реформалар; Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кургак учук менен ооругандарга жардам.
Журналисттер кургак учук боюнча эксперттер жана адистер менен бир жерден жолугуп, бул оору тууралуу толук маалымат алууга жакшы мүмкүнчүлүк алышты.
Эксперттик топтун курамына Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Улуттук фтизиатрия борборунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери, USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун жана бул тармакта иштеген бейөкмөт уюмдардын (Улуттук Кызыл Ай Коому, Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттеринин ассоциациясы) адистери киришти. Алардан башка иш-чарага кургак учуктан өздөрү айыгып, учурда башка бейтаптарга колдоо көрсөтүп жаткан адамдар да катышты.
"Акыркы жылдарда ден соолукка жана кургак учукка байланыштуу темаларды чагылдыруу жакшырганына карабастан, кургак учукка чалдыккан бейтаптар жана алардын үй-бүлөлөрү баштан арбын өткөргөн кодулоо жана басмырлоого каршы туруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү уланат. Биздин бейтаптар дарылоонун узак жана татаал курсунан өтүүгө аргасыз жана дарылануусун ийгиликтүү аяктоосу үчүн медициналык кызматкерлер, өзүнүн үй-бүлөсү жана коомчулук тарабынан мүмкүн болушунча колдоого муктаж. ЖМК кургак учук жөнүндө так, анык жана кодулоосу жок маалыматты берүү менен коомдун кургак учукка мамилесин өзгөртүп, өлкө ичинде бул ооруну азайтууга жардам бере алышат", - деди Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров.
Маалымат үчүн: 2023-жылы Улуттук фтизиатрия борборунун алдын ала маалыматы боюнча Кыргызстан боюнча (анын ичинде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында) кургак учук менен ооруган бейтаптардын саны мурунку жылдарга караганда 2023-жылы азайды. Жаңы аныкталган 4170 бейтап катталган (калктын 100 миңине 59,8). 2022-жылдын ушул эле мезгилинде - 4568 (100 миң калкка 65,5), 2021-жылы - 4596 (100 миң калкка 68,7).
Оорунун эң жогорку деңгээли мурдагыдай эле Чүй облусунда сакталууда – 100 миң калкка 88,5 (2022-жылы – 100 миң калкка 99,1). Оорунун эң төмөнкү деңгээли Ысык-Көл облусунда – 100 миң калкка 42,0 (2022-жылы – 44,4).
2023-жылы республика боюнча балдар арасында оорунун деңгээли төмөндөп, калктын 100 миңине 11,9ду түздү (2022-жылы - 14,5). Өспүрүмдөр арасында кургак учук менен ооруугандардын саны 2023-жылы бир аз өсүп жана 100 миң калкка 41,2ни түздү (2022-жылы – 100 миң калкка 29,8).
Республика боюнча кургак учуктан өлүмдүн көрсөткүчү 2023-жылы калктын 100 миңине 2,6 түздү (180 учур) (2022-жылы – калктын 100 миңине 2,5 (176 учур).
Пикир
Оставить комментарий