Бишкекте Курман айт күнү эртең менен коомдук транспортто жол кире акысыз болот

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Бишкекте 16-июнь, Курман айт күнү эртең менен коомдук транспортто жол кире акысыз болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жол тыгындарын азайтуу максатында жана борбордогу жолдорду жана ага чектеш объектилерди реконструкциялоо иштерин эске алуу менен бардык жарандарга коомдук транспортто бекер жүрүүнү сунушталат.

Ошентип, 16-июнда шаар тургундары эртең мененки саат 5:30дан 11:00гө чейин муниципалдык автобус жана троллейбустар менен акысыз жүрө алат. Акция шаардын бардык аймагында жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий