• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Бишкекте Кыргыз улуттук агрардык университетинин 90 жылдык маарекеси белгиленди

Коом 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Бишкекте Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 90 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 8-июнда өткөн майрамдын иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн төрага аталган университет кылымга тете тарыхында ɵсүп ɵнүгүүнүн татаал, бирок даңктуу, жаратмандык жолун басып ɵткөнүн белгилеп: "Өлкɵбүздɵгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарында жигердүү өнүгүп келе жатканына баардыгыбыз күбɵбүз. Анткени 90 жыл ичинде агроɵнɵржай тармагы үчүн 70 миңден ашуун жогорку квалификациядагы адистерди даярдап чыгарган. Андыктан бүгүн университетке “Даңк” орденинин ыйгарылып жатышы кубанычтуу жаңылык. Бул сыймыктуу сыйлык окуу жайга дагы чоң жоопкерчиликтерди жүктөп, окутуучулардын жигердүү иштөөсүнө түрткү берет деген ойдомун”,- деди.

Муну менен катар окуу жайдан кыргызга белгилүү улуу инсандар билим алганын эске салып: "Алардын катарында дүйнɵлүк адабияттын алпы, адистиги боюнча зоотехник, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да бар" - деген төрага атактуу инсандын ысымын университетке ыйгаруу сунушун берди.

Андан тышкары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиумунун мурдагы тɵрагасы, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, Кыргыз Республикасынын баатыры Таштанбек Акматов баштаган таанымал инсандар да ушул окуу жайда окуганын белгилеп: "Илим чөйрөсүндө болобу, коомдук-саясий турмушта болобу окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келишет", - деди төрага.

Муну менен катар Агрардык университет баштаган өлкөдөгү беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берүүгө байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатканын айткан Нурланбек Шакиев өзгөчө макам университеттердин өз алдынча өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүнө ишенерин билдирип, өзү да аталган окуу жайда билим алганын эске салды.

Сөзүнүн соңунда төрага университеттин алдыңкы окутуучуларына Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

Алсак, Кыргыз улуттук агрардык университетинде азыркы тапта 7 миңден ашуун студент 31 кафедрада, тɵрт колледжде 19 бакалаврдык, 17 магистрдик багыттарда билим алышат. Профессордук – окутуучулук курамы 300 адамды камтыйт, анын ичинде илимдин 34 доктору, 106 кандидаты эмгектенишет.

Пикир

Оставить комментарий