• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Бишкектин Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки мекеме эки кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты - 2927 чарчы метрди, ал эми жердин аянты - 0,8 гектарды түзөт.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган.

Учурда 1-кабаттын каркасы толук бүттү. 2-кабаттын колонналарынын монолити даярдалууда. 1-кабаттын ички жана тышкы дубалдарын кыш менен тургузуу иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий