• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн сапаты текшерилди

Коом 0


Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Президенттин Иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Темиркул Балтабаев жана "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматовдор Бишкек шаарында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн сапатын текшеришти.

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, текшерүүгө Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адисттери дагы катышты.

Алар быйыл колдонууга бериле турган объекттеги батирлердин ички оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүп көрүшүп, колдонулуп жаткан курулуш материалдарынын сапатына да баа беришти.

"Көп кабаттуу үйлөр монолит технологиясын колдонуу менен курулуп жатат. Монолит технологиясы курулуш жаатында бекем болуп, сейсмикалык жактан туруктуулугу да жогору болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, тиешелүү мекемелер курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, тынымсыз мониторинг жүргүзүп турат. Ошондой эле материалдардын сапаты атайын лабораторияда текшерилет. Курулуш иштерине өлкөдөн чыгарылган жана чет өлкөдөн алынган шайкештик сертификаттары бар материалдар колдонуулууда.

Эске сала кетсек, 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталган. Учурда өлкө боюнча 12 миң 659 батирдин курулушу жүрүп жатат, дагы 16 миң 351 ашуун батирдин курулушун баштоо пландалууда. Жалпысынан турак жай программасынын алкагында 40 миңдей батирдин курулушу мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий