• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкекте курулуш тармагында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Бишкек архитектура-курулуш колледжинде “Курулуштагы кесиптик билим берүүнүн ролу” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Билим берүү министрлиги билдиргендей, анын максаты кесиптик билим берүү курулуш тармагына кандай жардам берерин жана эмгек рыногун кантип кеңейтүүнү талкуулоо болуп саналат.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, иш берүүчүлөр жана мугалимдер катышты.

Билим берүү министринин орун басары курулуш тармагын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн билим берүү мекемелери менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын катышуучулары курулуш тармагына кандай адистер керек, кесиптик билимди кантип өнүктүрүү жана кадрларды даярдоону жакшыртуу боюнча талкуулар болду. Өз-өзүнчө Педагогикалык тажрыйба борборлорунун маанилүүлүгү жана билим берүү мекемелери менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгү тууралуу сөз болду.

Белгиленгендей, катышуучулар тегерек столдон кийин окуу-өндүрүштүк комплексине жана мугалимдердин көндүмдөрүн текшерүү жана квалификациясын жогорулатуу участокторуна барышты. Тегерек стол курулуш тармагындагы адистерди даярдоо боюнча пикир алмашуу жана чечимдерди табуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий