Бишкекте куруучу 11-кабаттан кулап каза болду. Жагдайды териштирүү башталды

Кырсык 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Бишкекте курулуш объектисинде төрт күн иштеген 21 жаштагы бала 11-кабаттан кулап каза болду.

"Кабар" агенттигине Биринчи май райондук милициясынан кабарлашкандай, аталган факт маалыматтардын каттоо журналына катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгында милиция кошумча маалымат берет.

Пикир

Оставить комментарий