• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Төрт адам жабыркап, экөө каза болду. Түптө Lexus жана Volkswagen унаалары кагышты

Кырсык 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталды.

КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган унаа жолдун 86-чакырымыда Lexus RX-350 жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 50, 48, 27 жаштагы кишилер жабыркаган, ошондой эле 2016-жылы туулган Ж.Б. аттуу кичинекей бала да ооруканага жеткирилген. Андан тышкары, 1973-жылы туулган Р.А. жана 1991-жылы туулган Ш.Р. аттуу эки аял каза болгон.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар тартылып, маркумдардын сөөгүп унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий