• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте куткаруучулар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда 1-июль – Куткаруучулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордун жетекчиси Ырысбек Жолдошбаев куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, эмгегине жараша баалаган сыйлыктарын ыйгарды.

Майрамдык иш-чарада борбордо үзүрлүү эмгеги, ак-ниеттүүлүк менен кызматта өзүнүн жетишкендиктерин көрсөткөн аскер кызматкерлерине жана кызматкерлерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемелик жана башкармалыктын атынан кезектеги аскердик наамдар, төш белгилер ыйгарылып, ардак грамоталар тапшырылды.

Куткаруучу – бул эң кооптуу, ары түйшүктүү жана сыймыктуу кесип. Сыймыктуу кесип ээлери катаал шарттарда адамдын өмүрүн сакташ үчүн өз жанын тобокелге салып, ар дайым күжүрмөн даярдыкта тураары маалым. Бул инсандар ар дайым элибиздин бейпилдиги, коопсуздугу үчүн кызмат кылууга мекен алдында ант берген баатырлар. Берген антын бек сактап, элибиздин башына кандай гана кыйынчылык келбесин кол сунуп, көмөктөшүүгө даяр турушат. Андыктан бүгүн эмгеги бааланып, алдыда ийгиликтерди жаратууга түрткү берип сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий