• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте ишкерлердин укугун коргоо боюнча Консультативдик кеңештин I отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта Бишкекте башкы прокурор Курманкул Зулушев ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул Башкы прокуратуранын алдында түзүлгөн ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин биринчи отуруму.

Прокуратурадан белгилешкендей, Консультативдик кеңеш КР президентинин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин чечими менен түзүлүп, бизнес-коомчулук менен мамлекеттик органдардын ортосунда туруктуу диалогду түзүү, ошондой эле ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоого багытталган.

Консультативдик кеңештин отурумуна башкы прокурордун орун басары, аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрү, Бизнес-акыйкатчы жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий