• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын мобилдик байланыш рыногуна Salam жаңы соода маркасы чыгат

Коом 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 15-августта «КТ Мобайл» ЖЧК «Альфа Телеком» ЖАК менен кызматташтыкта Salam жаңы соода маркасы алдындагы байланыш кызматтарын ишке киргизет.

Эки мамлекеттик оператордун стратегиялык өнөктөштүгү бүгүнкү күнү камтылбай жаткан биздин өлкөнүн калктуу конуштарын келечекте сапаттуу байланыш менен камтууга мүмкүндүк берет, “Кыргызтелеком” ААКнын номерлерине чакыруунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат, бүгүнкү күнү телекоммуникациялык кызматтар рыногундагы мүмкүнчүлүктөрдү абоненттер үчүн сактап жана абоненттерди ишенимдүү мобилдик байланыш менен камсыздайт.

Salam байланыш оператору абоненттерге тандоо укугун пайдаланып жана «Старт 58», «Старт 108» жана «Старт 208» кызмат көрсөтүү пакеттери бар «Старт» тарифтик планынын мүмкүнчүлүгүн баалап көрүүнү сунуштайт.

Кымбаттуу достор!

Сиздерди «Альфа Телеком» ЖАКтын Бишкек шаарындагы тейлөө борборлоруна чакырабыз, ал жерден сиздер Salam сим-карталарын сатып алып, туташуу жана 0880-1Х-ХХ-ХХ префикси бар номерлерди тандап алуу жөнүндө зарыл маалыматтарды алсаңыздар болот.

Кеңири маалыматты *888 номери аркылуу алсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий