• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Бишкекте кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, иран тараптын демилгеси менен өткөн жолугушууда кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Министрдин орун басары Атаханов эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүнүн жана аймактык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде элчи Ядегари эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун аткарылышы тууралуу маалымат берип, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишеним билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташуунун жана эл аралык күн тартибинде турган маселелер боюнча, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюму жана башка эл аралык уюмдардын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий