• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкекте кыргыз-россия ТИМдер аралык саясий консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында кыргыз-россиялык тышкы иштер министрликтер аралык саясий консультациялар өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саясий консультацияларга КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жана Россиянын тышкы иштер министринин орун басары М.Галузиндин төрагалык кылды.

Консультациялардын жүрүшүндө саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар жогорку жана бийик деңгээлдеги боло турган жолугушуулардын жана сапарлардын календардык планын карап чыгышты, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алышты, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2025-2027-жылдарга Кызматташтык программасын макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий