• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте “Кыргыз темир жолу” ишканасынын 100 жылдыгы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.08.24. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын темир жолунун негизделишинин 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышууда.

Белгилей кетсек, кыргыз темир жолунун 424,6 чакырымдык жолу өлкөнүн транспорт тармагында маанилүү орунду ээлейт.

Учурда темир жол инфраструктурасын жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда. Өндүрүшкө керектүү 30 атайын техника сатылып алынды. Туризмди өнүктүрүү, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында вагондор модернизацияланууда.

Ошондой эле, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу ири долбоору боюнча иштер жүрүүдө. Темир жолчулар Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал каттамы боюнча темир жолду куруу иштерин колго алган.

Пикир

Оставить комментарий