Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Бишкекте "Кыргызстан - Өзбекстан" бизнес-форумунун алкагында эки өлкөнүн товарларынын көргөзмөсү өтүп жатат.
Белгилей кетсек, форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө.
Расмий бөлүктөн кийин эки өлкөнүн ишкерлери бизнес-өнөктөштүктү түзүү жана кеңейтүү үчүн В2В жолугушуусун өткөрөт.
Маалымат үчүн: бизнес-форум эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринин ортосунда ишкердик мамилелерди түзүү үчүн маанилүү окуя болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий