• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын парламенттеринин төрагалары жолукту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанга алгачкы жолу расмий сапар менен келген Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, алгач парламент жетекчилери тар чөйрөдө баарлашып, андан соң жолугушуу кеңири курамда уланды.

Тараптар эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулап, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу ой бөлүштү.

Төрага Нурланбек Шакиев Ерлан Кошановду жылуу кабыл алып, биринчи расмий сапары байсалдуу болсун деген тилегин билдирди. “Биз тарыхый байланышы терең, тили, дини, каада-салт, үрп-адаты окшош, эзелтен канатташ жашаган боордош элбиз. Айрыкча мен кыргыз менен казакты эки мамлекетке ээлик кылган бир эл деп баса белгилеп келем. Андыктан бүгүнкү жолугушуу эки элдин эзелтен келе жаткан кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин. Биз боордош казак эли менен калыптанган алакаларды кеңейтип, өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”,– деди Шакиев.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун быйыл Казакстанга жасаган расмий сапары ийгиликтүү болгонун эске салган төрага: “Анда жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелери боюнча макулдашууларга жетишилди”, – деди.

Мындан тышкары, өткөн жылы Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткенин, ошондой эле өзү да Казакстанга расмий сапар менен барганын белгилеген Нурланбек Шакиев иш сапарлардын байма-бай уюштурулушу кызматташтыкты чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.

Муну менен катар алакаларды арттыруу жаатындагы сунуштарын айткан Жогорку Кеңештин төрагасы соода-логистикалык маселелерди чечүү жаатындагы пикирлерин да билдирди.

Өз кезегинде Казакстандын Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Төрага Нурланбек Шакиевге ыраазычылыгын айтып, Бишкекке келип алгач эле өлкөдөгү көп жакшы өзгөрүүлөрдү жана жаңыланууларды байкаганын белгиледи.

Ошондой эле Ерлан Кошанов да парламенттер аралык байланышты кеңейтүү жаатындагы пикирлери менен бөлүшүп, айтылган ар бир сунушту колдой тургандыгын да кошумчалады.

Тагыраагы Кыргызстан Казакстан үчүн негизги өнөктөш мамлекеттердин бири экенин эске салып: “Өлкө жетекчилери тарабынан жетишилген келишимдерди ар дайым колдоого алып, байланыштарды арттыруу багытында жигердүү кызматташуубуз зарыл”,- деген Ерлан Кошанов чек аралардагы айрым маселелерге токтолду.

“Калыптанган байланышты өнүктүрүп, парламенттеги тармактык комитеттердин деңгээлиндеги кызматташтыкты кеңейтишибиз керек. Мындай тажрыйба мамлекеттер аралык айрым маселелерди чечүүгө көмөкчү болот”, – деди Ерлан Кошанов.

Пикир

Оставить комментарий