• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын борбор калаа башчылары жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Бишкекте шаар мэри Айбек Жунушалиев менен Анкара шаарынын мэри Мансур Яваштын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жолугушууга Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садик Доган катышты.

Бул Анкара шаарынын мэринин Кыргызстандын борборуна 1992-жылдан берки биринчи сапары. Ошондой эле Бишкек – Анкара шаарынын мэри 2024-жылдын март айында кызматка шайлангандан кийин барган биринчи шаар.

Тараптар эки тараптуу практикалык кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Анкара шаарынын тажрыйбасын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясынын адистеринин квалификациясын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле борбордун инфраструктурасын жакшыртуу жана санариптештирүү жаатында биргелешкен долбоорлорду түзүүнү талкуулашты.

Мансур Яваш сапардын максаты соода-экономикалык алакаларды чыңдоо экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Айбек Жунушалиев биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүү, сапатын жана көлөмүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташууга ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий