• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте маанилүү дары-дармектердин улуттук тизмесин кайра карап чыгуу талкууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан үчүн маанилүү дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесин кайра карап чыгууну талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, маанилүү дарылардын тизмесине 526 дары жана 20 вакцина кирет.

Тизме дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык дарылоонун сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу, аны унификациялоо жана ресурстарды үнөмдөө үчүн саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды колдонууну оптималдаштыруу максатында ДССУнун техникалык жардамы менен иштелип чыкты.

Жогорудагы тизме коомдук талкуулоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жайгаштырылып, анын жыйынтыгында сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн. Дары-дармектерди тизмеге киргизүү чечими тигил же бул өлкөнүн өзгөчөлүгүнө, атап айтканда, оорунун структурасына, дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө, саламаттык сактоонун инфраструктурасына, керектөөчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле демографиялык жана башка факторлорго негизделет.

Маанилүү дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмеси - ооруларды дарылоо жана алдын алуу үчүн саламаттык сактоонун артыкчылыктуу муктаждыктарын канааттандыруучу медициналык багыттагы дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын тизмеси.

Тизме министрлер кабинети тарабынан бекитилет. Маанилүүсү менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында аталган тизменин негизинде дары-дармек каражаттарынын локалдык тизмелери (оорукана тизмеси) түзүлүп, бекитилет.

Белгилей кетсек, тегерек столго Саламаттык сактоо министрлигинин, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, Милдеттүү медициналык камсыздадыруу фондунун, саламаттыкт сактоо уюмдарынын адистери, өнөктөштөр, кесиптик медициналык жана фармацевтикалык ассоциациялардын, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Пикир

Оставить комментарий