Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Бишкекте Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Эл дөөлөтү – эне тил” көргөзмөсү өтүп жатат.
Көргөзмөгө Кыргызстандын белгилүү тилчи, лингвист жана филологдорунун китептери, гезит басылмалары, эмгектери жана монографиялары коюлган.
Белгилей кетсек, 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген.
Пикир
Оставить комментарий