• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкекте мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган окуу китептеринин бет ачары өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну маалыматтык-методикалык жактан камсыздоо максатында окуу китептер жарык көрдү. Китептердин бет ачары 11-декабрда КМУда өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, окуу китептерди Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институту менен биргеликте даярдады. Басып чыгарылган колдонмо китептер: педагогика илимдеринин кандидаты К.Иманакунованын ар түрдүү кесипте окуган студенттер үчүн (В1 деӊгээлинде) “Кыргыз тили”, филология илимдеринин кандидаты Айнура Кабатай кызынын “Кеп техникасы” жана Arip-school социалдык баракчасынын негиздөөчүсү К.Кадыркулованын “Кыргыз тили” китептери.

Бул окуу куралдары студенттерге, кыргыз тилин тереңдетип үйрөнүүнү каалаган жалпы окурмандарга, мугалимдерге, мамлекеттик кызматкерлерге жана ЖРТга даярдануу үчүн жогорку класстын окуучуларына сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий