• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эл аралык конференция өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн III мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эл аралык конференция өтүүдө.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, конференция Кыргызстандагы жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн актуалдуу көйгөйлөрүн жана өнүгүү келечегин талкуулоого арналган. Ошондой эле мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган жаңы стратегияларды иштеп чыгууга жана конструктивдүү диалогго аянтча болуп берет.

Иш-чара мындан тышкары, Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына карата уюштурулууда жана “Бүгүнкү өнөктөштүк – эртеңки гүлдөп өнүгүү” урааны астында өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын негизги багыттарына санариптештирүү жана инновациялар, экологиялык туруктуулук, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ролу, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жана башкалар кирет.

Пикир

Оставить комментарий