• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Бишкекте маршрутканын айдоочусу жоголгон капчыкты таап алып, ээсине кайтарган – видео

Коом 0


Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Бишкекте №100 маршрутканын айдоочусу жоголгон капчыкты таап алып, ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, капчыктын ичинде байланыш номер жазылган эч кандай документ жок болгондуктан айдоочу капчыкты видеого тартып, соцтармакка жарыялаган. Көп өтпөй капчыктын ээси табылып, айдоочу ага буюмун кайтарып берген. Жолугушууда буюм ээси айдоочуга ыраазычылык билдирип, акчаны карызды берүүгө алып бара жатканын айткан.

Белгилей кетсек, капчыктын ичинде 14 миң 800 сом болгон.

Пикир

Оставить комментарий