• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Медайымдардын эл аралык күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-майда Бишкекте Медайымдардын эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдын алкагында Улуттук госпиталда мээрман айымдар сыйланды. Ар бир бѳлүмдѳгү талбай эмгектенген адистер баса белгиленип, тиешелүү сыйлыктарга ээ болушту.

“Быйыл маанай жакшы, айлык акыларыбыз жүз пайызга кѳтѳрүлдү, иштѳѳ шарты уламдан улам жакшырууда. Мээрман айымдардын ишке кызыгуусу артып, ишке кайтып келишүүдѳ», - деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев.

Ошондой эле иш-чарага ырчы-бийчилер келип, медицина кызматкерлерине чакан концерттик программаларын тартуулашты.

Белгилей кетсек, Медайымдардын эл аралык күнү Кыргызстанда 1993-жылдан бери белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий