• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ысык-Көлдө күйөөсүнүн ур-токмогунан 44 жаштагы аял каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Ысык-Көл районунда күйөөсүнүн ур-токмогунан 44 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-майда Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө райондук орукананын жандандыруу бөлүмүнөн 1978-жылы туулган Бостери айылынын тургуну С.Т. аттуу жаран денесинен алган жаракаттары менен оор абалда түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Райондук оорукананын реаниматологунун маалымытына ылайык, С.Т. баш мээсине оор жаракат кеткендиктен комага түшкөн.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары жабырлануучунун жолдошу 50 жаштагы Ш.К. аныкталып, Ысык-Көл райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмышка шектүүнү суракка алууда 9-майда саат 20:00-21:00 чамасында жубайлардын ортосунда чыр-чатак чыгып, шектүү Ш.К. мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу уруп, андан соң аялынын эс-учун жоготконун көрүп, уктап жатып алгандыгы белгилүү болгон.

10-майда эртең мененки саат 6:00дө 2002-жылы туулган уулу Б.Э. үйүнө келип, апасынын эс-учун жоготгон абалында таап, тез жардам чакырган. Ал эми 11-майда аял эсине келбестен каза болгон.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий