• 88.68
  • 95
  • 0.95

Никелүү аялдар үчүн “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагынын кастинги башталды

Коом 0

Бишкек, 14-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөлүү аялдар арасында өтүүчү “Кыргызстан сулуусу-2017” улуттук сынагына тандоо башталды.

Кыргызстан «Beauty Company» директору Рыскүл Намазбекова билдиргендей, сынакка 25-50 жаштагы никелүү аялдар катыша алат.

Башкы байге – Америкада өтө турган “Дүйнө сулуусу-2017” эл аралык сынагына жана Африкада өтүүчү “Аалам сулуусу-2017” сынагына катышуу мүмкүндүгү болуп саналат.

“Буга чейин айрым ЖМКлар Сулуулар сынагынын катышуучулары кесипкөй моделдерге салыштырмалуу жакшы басышкандыгын белгилешкен. Көптөр башында өздөрүн көрсөтө албайбыз деп кабатыр болушкан. Себеби, буга чейин эч жакка катышкан эмес, айрымдары жада калса, шиштака кийип да баса алышчу эмес. Бирок алар көрүүчүлөрдүн алдында жогорку деңгээлде чыгышты”, - деп белгиледи Р.Намазбекова.

Эскерте кетсек, 2014-жылы 30 жаштагы Назгүл Жумалиева “Кыргызстан сулуусу” наамын алган. 2016-жылы бул титулду 41 жаштагы эки баланын энеси жана чоң эне Наргиза Осмонова алган. Ал өткөн жылы Индияда «Mrs Top Of The World» сулуулук сынагында Кыргызстандан катышып, андан соң Кытайга “Аалам сулуусу-2016” сынагына барган.

Кеңири маалымат 0700 30-33-33 телефону боюнча.

Пикир

Оставить комментарий