• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Жогорку соттун төрайымы Казакстандагы сот системасы менен таанышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Жума башында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева Астанага, Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Кайрат Маминин чакыруусу менен иш сапарга барып келди. Иш сапардын максаты - сот реформасынын жүрүшү боюнча тажрыйба алмашуу жана электрондук сот өндүрүшү менен таанышуу болду.

Казак кесиптештердин иш темпине караганда, алардын сот реформасы биздегиге караганда бир топ алдыда экен. Көрсө, казактар сот тутумун өнүктүрүү, көз карандысыз кылуу үчүн адегенде “100 конкреттүү кадам” деген Улуттун планын түзүп алышып, бардык сотко байланыштуу иштерди ушу план менен ишке ашырып жатышыптыр. Мисалы, ушу кезде Казакстанда сотко чакыруу кагазы чөнтөк телефонго келсе, соттун чечими электрондук дарекке жиберилет. Үйдөн чыкпай туруп эле, Казакстандын бардык сотторуна сутканын бардык мезгилинде документтерди жиберип, алымдарды да төлөп коюуга болот. Судьялар иштерди кандай карап жаткандыгына сот имаратына келбей эле көз салып, ал эми сот жыйындарын видеожазуулардан көрүп койгонго бардык шарттар түзүлгөн.

2015-жылы Казакстандын Жогорку соту сот органдарынын бирдей интернет-порталын sud.gov.kz жана “Соттук кабинет” office.sud.kz сервисин ачкан. Мындан тышкары да көптөгөн электрондук маалыматтык сервистер ачылып, сот тармагынын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздап, сот өндүрүшүнө катышкан тараптардын процессин автоматташтырып жатат. Атап айтканда, “Сот органдарынын байланыш борбору”, электрондук сотко чакыруу кагазын SMS-билдирүү менен жөнөтүү, соттук актыларды издөө, АВФ-аудиофиксация системасы, ВКБ-видеоконференцбайланыш системасы, соттук иштердин электрондук графиги иштеп жатат. Казактардагы дагы бир өзгөчөлүк, инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө сала турган өзүнчө сот өндүрүшү түзүлүп жатыптыр.

Кыргызстанда да соттордун ачыктыгын, көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн, соттук иштердин электрондук жолго өтүүсүн өнүктүрүп жана туруктуу кылууда көп иштер аткарылып жатат. Ушу тапта бардык инстанциядагы судьялар сот актыларын жайгаштыруусу үчүн sot.kg интернет порталы жана Жогорку соттун jogorku.sot.kg сайты активдүү иштеп жатат. Өлкөнүн бардык сот мекемелерин электрондук жолго салуу иштери аяктап бара жатат. Бирок алдыда аткара турган иштер дагы арбын.

Ошентип казак кесиптештер менен тажрыйба алмашуу үзүрлүү болду.

Булак: “Фабула” гезити

Пикир

Оставить комментарий