Бишкекте мектеп китептеринин абалы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Бишкек шаарында “Окуу китептери: кечээ, бүгүн жана эртең” аталышындагы тегерек стол өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов, министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, президенттин администрациясынын эксперти Аида Акаева, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу уюмдардын жетекчилери, окуу китептери боюнча эксперттер, окуу китептеринин авторлору, басмалардын жана басмаканалардын өкүлдөрү, мектеп китепканачылары катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов азыркы заманга жараша окуу китептерин басып чыгаруу менен анын сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Уланбек Мамбетакунов жаңы муундагы билим берүү стандарттарын киргизүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө жаңы токтом бекитилгенин айтты.

“Жаңы мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде жаңы предметтик стандарттар жана жаңы окуу китептери жазылат. Китептерди жазууда авторлорго бир, эки айлык мөөнөт эмес, бир жылга чейин убакыт берүү зарыл. Ар бир окуу китеби төрт экспертизадан өтөт. Алар илимий, илимий-педагогикалык (усулдук), басмырлоого каршы жана гендердик, педагогикалык-практикалык (апробация) экспертиза”, - деп билдирди министр

Тегерек столдун жүрүшүндө “Окуу китептерин иштеп чыгуу этаптары” жөнүндө видео-ролик көрсөтүлүп, окуу китептеринин абалы, жаңы мамлекеттик стандартка ылайык окуу китептеринин стандарттарын иштеп чыгуу, аларды бекитүү жана жаңы методикалык комплекстерди иштеп чыгуунун жол-жоболорунун негизинде иш-аракеттерди аткаруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий