• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекке чартердик каттам аркылуу Түркиядан 349 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-апрелде Бишкекке «Стамбул-Бишкек» багыты боюнча «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Түркиядан 349 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

«Ушул чартердик каттам 2020-жылдын 10-апрелиндеги видеосаммиттин жүрүшүндөгү Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын жетишилген сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашты. Саммиттин учурунда КР президенти Сооронбай Жээнбеков бардык өлкөлөрдүн Уюмдарына коронавирус пандемиясына карата үзгүлтүккө учураган аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу тараптардын аймагында жүргөн жана өз өлкөлөрүнө кайтууга мүмкүндүгү жок болгон жарандарга өз ара колдоо көрсөтүү тууралуу өтүнүч менен кайрылган», - деп айтылат маалыматта.

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу боюнча иштер улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий