• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын мэри "Жапалак" унаа базарына кошумча жол ачууну тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Жапалак” муниципалдык унаа базарынын иши менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында кызматкерлердин маянасын жогорулатуу, базардын иштөө шарттарын жакшыртуу, дем алыш күндөрү жол тыгындарын чечүү, унаа базарына жанаша жайгашкан аймакты тегиздөө, жерлерди трансформациялоо сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.

Мэр унаа базарына кошумча жолдорду ачуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Ошондой эле кирешени көбөйтүү сунушунун алкагында 2023-жылга карата сезондук, жумалык жана күнүмдүк көрсөткүчтөр боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, унаа базардын жанындагы аймакка муниципалдык базар куруу боюнча тиешелүү сунуштарды киргизүү тапшырмалары берилди.

Пикир

Оставить комментарий