• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мектеп окуучуларынын олимпиадасынын шаардык этабы өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 26-27-февралда жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадасынын шаардык этабы өтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара жыл сайын өткөрүлөт. Быйылкы жылкы олимпиада И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында математика, физика, химия предметтери боюнча, №38 мектептин базасында кыргыз тили, орус тили, англис тили, биология, география, тарых предметтери боюнча өтүүдө.

Мектеп окуучуларынын 2024-жылкы шаардык олимпиадасына борбор калаанын орто мектептеринен олимпиаданын облустук этабында биринчи жана экинчи орунду ээлеген 162 окуучу катышууда.

Шаардык олимпиаданын 1, 2-орунду ээлеген жеңүүчүлөрү республикалык этапка катышат.

Белгилей кетсек, олимпиаданын негизги милдеттери окуучулардын окуп жаткан предметтерге болгон кызыгуусун арттыруу, жогорку класстын окуучуларына кесип тандоодо жардам берүү, илимий чыгармачылыкка болгон жөндөмдүүлүгү жана кызыгуусу жогору окуучулардын чыгармачылык демилгелерин аныктоо жана өнүктүрүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий