• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан WorldSkills International ассоциациясына мүчө болуп катталды

Билим 0

Бишкек, 27.09.23./Кабар/. 24-сентябрдан 28-сентябрга чейин Ирландиянын Дублин шаарында өтүп жаткан WorldSkills 2023 Башкы ассамблеясынын биринчи сессиясында Кыргызстандын мүчөлүгү расмий түрдө ратификацияланды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, WorldSkills ассоциациясына кошулуу өзгөчө баштапкы жана орто кесиптик билим берүү деңгээлиндеги билим берүүнүн жана окутуунун кадыр-баркын жогорулатат.

Белгилей кетсек, WorldSkills International эл аралык коммерциялык эмес бирикме болуп саналат, анын максаты дүйнө жүзү боюнча кесиптик даярдоонун жана квалификациянын макамын жана стандарттарын жогорулатуу, ошондой эле эл аралык сынактарды өткөрүү ​​аркылуу дүйнө жүзү боюнча жумушчу кесибин жайылтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий