• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте мектептердин биринде "Манас" кабинети ачылды

Маданият 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бишкектеги №60 мектепте "Манас" эпосунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Н.Байгулов, Кыргыз улуттук театрынын манасчылары Талантаалы Бакчы уулу, Нурбек Калыбек уулу жана Төлөбек Муса уулу, ошондой эле башка коноктор катышты.

Иш-чара мектеп окуучуларынын ыр-бийлери, "Манас" эпосунан үзүндү айтуу менен коштолуп, мектептеги “Манас” кабинетинин салтанаттуу ачылышы менен аяктады. "Манас" кабинети улуттук стилде, заманбап технологиялар колдонулуп жасалгаланган.

Белгилей кетсек, кабинет келечекте кыргыз тили жана адабияты, тарых сабактарын өтүүдө колдонулат. Кабинеттин ачылышы жана жабдылышы боюнча идеяны №60 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жакыпова Фарида Кемеловна демилгелеп, ишке ашырган.

Пикир

Оставить комментарий