• 87
  • 90.43
  • 0.88

Бишкекте милициянын тергөөчүсү 100 миң сом пара алууга шектелип кармалды. Видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүсү пара алып аткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 11-апрелде тергөөчү Ж.А.Т. 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын иш бөлмөсүндө алып жаткен жеринен колго түшкөн. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Ж.А.Т. жабырлануучуга карата кылмыш ишин токтотуп берүү үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда башка тиешелүү кызмат адамдарын жана ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөөчүнү кармоо иштерин УКМК менен КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы биргеликте жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий