• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жасалма шенген визасын даярдоо, сатуу менен алектенген чет өлкөлүктөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу менен алектенген чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Пакистандын М.Р. жана А.В. аттуу жарандары ири суммадагы акчалай сыйлык алуу үчүн, Пакистандан келген туристтерге Италиянын жасалма шенген визаларын туруктуу сатуу каналын уюштуруп, Казакстан, Россия жана Беларусь аймактары аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландаштырышкандыгы аныкталды.

Аталган жарандар кармалып жана УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Аларга карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий